Дүйнөлүк банк жакынкы беш жылда Кыргызстанга 600 млн доллар берет
Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксель ван Тротсенбург биринчи Бишкек экономикалык форумунда билдирди.
Анын айтымында, каржылык колдоо Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын ортосундагы Өнөктөштүк программаларынын алкагында берилет. Ал учурда өлкө пандемиядан кийинки кризисти жашап жатканын жана жогорку инфляциянын экономикалык кесепеттеринен жапа чегип жатканын баса белгиледи. Ошондуктан Кыргызстанды калыбына келтирүү стратегиясын биргелешип иштеп чыгуу маанилүү экендигин айтты.
Аксель ван Тротсенбург белгилегендей, бардык кызыкдар тараптардын: өкмөттүн, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун сунуштарын угуу өтө маанилүү. Ал ошондой эле Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 30 жыл ичинде 2.7 млрд доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөткөнүн да эске салды.
«КР Ковид-19гы кризистен аман чыкты. Ал эми азыр акыркы окуялардан келип чыккан экономикалык кесепеттеринен жапа чегип жатат. Тактап айтканда, өлкөдө инфляция жогорку деңгээлди көрсөтүп турат. Ошондуктан биз бүгүн биринчи Бишкек экономикалык форумунда Кыргыз Республикасын калыбына келтирүү стратегиясын биргелешип иштеп чыгуу үчүн келдик», – деди Аксел ван Тротсенбург.
Кошумчалай кетсек, 5-октябрда Бишкекте КР министрлер кабинети менен Дүйнөлүк банк тобунун катышуусунда алгачкы жолу Бишкек экономикалык форуму өтүп жатат. Ал Кыргызстандын экономикасынын соккуларга туруктуулугун жогорулатууга жана трансформациялык өзгөрүүлөргө мүмкүндүк бере турган артыкчылыктуу реформалар боюнча диалог үчүн аянтча катары кызмат кылууга багытталган.