АКШ Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун колдоого 1.5 млн доллар берди
АКШ Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун колдоо үчүн 1.5 млн доллар бөлүп берди. Бул тууралуу АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги USAID билдирди.
USAID тарабынан бөлүнгөн каржылоо Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы азык-түлүк сактоо жайларын жана логистикалык базаларды куруу аркылуу маанилүү айыл чарба продукцияларын сактоону жакшыртууга багытталат.
“Натыйжада, жаңы жумуш орундары түзүлүп, жашылча-жемиштерди сатуу үчүн жаңы рыноктор ачылары күтүлүүдө. Андан тышкары, бөлүнгөн жардам беш жашка чейинки балдардын жана жаш энелердин тамактануусун жакшыртуу үчүн багытталат”, – дейт аталган агенттик.
Ошондой эле АКШнын президенти Жо Байден Германияда өткөн G7 лидерлеринин саммитинде АКШ өкмөтүнүн дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк коопсуздугу үчүн кошумча 2.76 млрд доллар убада кылган.