Швейцария өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусунун элине 450 миң доллар берет

Швейцария Өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусунун элине 450 миң доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Швейцариянын КРдагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул каражатка БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жабыр тарткан калкка акча которуу менен жардам көрсөтүп, тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылат.

Белгилей кетсек, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) дагы Баткен облусунда жер которгон 400дөй үй-бүлөгө 8 млн сомдон ашык (100 миң АКШ доллары)  каражат берген.

Кошумча окуңуз:

Швейцария “КРда жугуштуу эмес ооруларды натыйжалуу башкаруу” долбооруна 5 млн франк берди

Швейцария кыргызстандыктардын саламаттыгын чыңдоого 5 млн доллар берет

Швейцария айылдарды колдоо үчүн 2.2 млн доллар бөлөт

Швейцария Нарын шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 6 млн доллар бөлөт

Швейцария Бишкектин жаңы конуштарын өнүктүрүү үчүн 9 млн доллар бөлөт

Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт