АӨБ Баткенге жардам берүү үчүн 3 млрд сом берет - ратификацияга чейин эле элге акча убада кылынган

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) кыргыз-тажик куралдуу кагылышуудан кийин Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 4 млрд 150 млн сомго жакын) бөлөт.

Тиешелүү макулдашуу кечээ, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, 25 млн доллар 1.5% үстөк менен 46 жылга берилген кредит түрүндө келет. Жеңилдетилген мөөнөтү – 8 жыл, чени – 1% жана 25 млн доллардын жарымы грант.

Татиков белгилегендей, бул каражаттын 3 млрд сому Баткен облусун калыбына келтирүүгө багытталат. Калган 1.3 млрд сом өлчөмүндөгү каражат Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна бөлүнөт.

Бирок депутат Адахан Мадумаров бул келишим парламентте расмий ратификациялана электе эле, буга чейин Акылбек Жапаров Кыргызстанга 3 млрд сом бөлүнгөнүн айтканын белгиледи. Анын айтымында, бийлик тургундарга келе элек эле акчаны убада кылууда.

«3 млрд сомго жакын сөздөрдү Акылбек Жапаров айткан, эми бул билдирүүсү үчүн жоопкерчиликти депутаттарга оодарып койду. Ал эми депутаттар келишимди колдобой, карыз албайбыз деген принцибинде бекем турсачы?», – деди ал.

Белгилей кетсек, жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети ага карабастан бул кредиттик макулдашууну жактырды.


Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Украинадагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 пандемиясынан кийин калктын аярлуу катмарына азык-түлүк коопсуздугун, социалдык коргоону жана жашоо каражаттарын колдоо үчүн 50 млн долларлык жардам берери тууралуу маалымат да аталган финансылык уюмдун сайтында айтылды.

АӨБнын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуковдун айтымында, бул программа өкмөткө инфляциянын терс таасирин азайтууга, баалардын туруктуулугун жана азык-түлүк коопсуздугун сактоого, калктын аялуу катмарынын арасында жакырчылыктын тереңдешине жол бербөөгө жардам берет.