Кытай Баткенде жабыркаган тургундарга 100 миң доллар берет

Кытай кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу 2-ноябрда КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда кытай тарап Баткен облусунун жабыркаган тургундарына 100 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү гуманитардык жардам берүү чечими жөнүндө билдирди.

МИДден билдиришкендей, тараптар ошондой эле Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, Тышкы иштер министри Ван Инин КРга болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу маселелерин талкуулашты.


Эске салсак, 14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Кыргызстанда 59 адам каза болуп, 198 адам жаракат алган. Ошондой эле талкаланган 640 турак үйдүн ичинен 423ү жашоого жараксыз, 217си оңдоп-түздөөгө муктаж абалда калган. 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.