БУУ Кыргызстанда жакырчылыкты жоюуга 105 млн доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтөт
Бирикке Улуттар уюму бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) беш жылдык программасынын алкагында жакырчылыкты жоюуга Кыргызстанга 90 млн доллар өлчөмүндө колдоо көрсөтөт.
Кабыл алынган 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык стратегиялык планга ылайык, жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча ар кандай программаларды ишке ашырууга Кыргызстан 90 млн АКШ доллары өлчөмүндө колдоо алат. Дагы 15 млн доллар жакырчылык менен күрөшүү боюнча активдүү чараларга багытталган долбоорлорго берилет.
КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын экинчи сессиясында Кыргызстандагы БУУ ДАПтын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан жакырчылыкты жоюу боюнча чараларды жана азык-түлүк коопсуздугу программасын тааныштырды.
“Үстүбүздөгү жылдын 9 айында эле 131 миң аз камсыз болгон кыргызстандыктар же 30.5 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ар кандай долбоорлоруна катыша алышты. Аз камсыз болгон жөлөк пулду 105.5 миң үй-бүлө алаарын эске алып, биз жакырчылыкты жоюу боюнча чаралар менен муктаж болгон ар бир үчүнчү үй-бүлөнү камтый алдык деп айта алабыз.
Жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу боюнча долбоорлорго 108 миңден ашуун кыргызстандыктар катышып, алар үчүн ун жана өсүмдүк майын алышты. Дагы 20.5 миң адам “жумуш үчүн накталай акча (окутуу)” схемасы боюнча долбоорлорго катышты. 2.9 миң адам мамлекет менен социалдык контракт түзүп, бюджеттен кайтарымсыз каражат алуу менен өз бизнесин ачты”, – деди Базарбаев.