> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЭӨА Кыргызстандагы жумушсуздук менен күрөшүүгө 30 млн доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2022/11/29/e-a-kyrgyzstandagy-zhumushsuzduk-menen-k-r-sh-g-30-mln-dollar-b-l-t/
- Published: 2022-11-29T09:43:12.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:57:34.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) Кыргызстандагы “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбооруна 30 млн доллар бөлдү.**

Кечээ, 28-ноябрда, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети КР менен ЭӨА ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо долбоорун карап, жактырды.

Мыйзам долбоорун Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова биринчи окууга алып чыкты. Анын айтымында, долбоор үч компоненттен турат:

- 1-компонент: “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында тез жардам көрсөтүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу.
- 2-компонент: Калктын аялуу катмары, анын ичинде эмгек мигранттары үчүн ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.
- 3-компонент: Социалдык коргоо системаларын чыңдоо.