> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АӨБ геосаясий кризиске байланыштуу Кыргызстанга 50 млн доллар жардам берет
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2022/11/30/a-b-geosayasij-krizisten-ulam-kyrgyzstanga-50-mln-dollar-zhardam-beret/
- Published: 2022-11-30T15:02:39.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:54:06.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 30-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) 50 млн доллардык бюджеттик колдоо көрсөтүүсүн биринчи окууда ратификациялашты.**

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков КР менен АӨБ ортосундагы «Антициклдик активдүү чыгымдар аркылуу туруктуулукту жогорулатуу (BRACE)» келишими боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, программа **дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук менен байланышкан жаңы кризис** калктын, өзгөчө калктын аялуу катмарынын кирешелерине, экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жана макроэкономикалык туруктуулукка тийгизген терс таасирине каршы өз убагында чараларды көрүүгө багытталган.

> Бул программаны ишке ашыруу үчүн АӨБ бюджетти колдоп **50 млн доллар** өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтөт, анын 25 млн доллары грант жана 25 млн доллары кредит. Бул каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.