ЕРӨБ Кыргызстанга темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө 12 млн доллар берет
Борбор Азия инвестициялык форумунун алкагында КР Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда КРга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 млн АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Форумда сүйлөгөн сөзүндө Жапаров өнүгүүнүн жаңы айлампасына ээ болуу үчүн инфраструктуралык интеграцияны жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
“Бизге окшогон деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн авто жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү зарыл. Бизди башка өлкөлөр менен байланыштырган жана экономикабызды дүйнөлүк жеткирүү чынжырына интеграциялоого мүмкүндүк берүүчү жаңы темир жол каттамдары керек. Алсак, жакын арада «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталат, анын наркы учурда 6 млрд АКШ долларына бааланууда”, – деди ал.
Ошондой эле минкабдын жетекчиси Борбордук Азия чөлкөмү, анын ичинде КР жапон инвестициясы үчүн кызыкчылык туудурган багыттардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири чөйрөсүн сунуштай турганын айтты.
“Мен жапон өнөктөштөрүн Кыргызстандын экономикасына жигердүү инвестициялоого чакырам, эске салсак, КРда 52.9% акциясы Sawada Holdings Co. Ltd жапон ачык компаниясына таандык болгон коммерциялык банк иштеп жатат.
Мен ошондой эле форумдун катышуучулары менен өзүмдүн жеке тажрыйбамдан алган байкоом менен бөлүшкүм келет: узак мөөнөттүү жана албетте, өз ара пайдалуу кызматташуу менен бирге Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жапон инвестициясынан негизги утуш ишенимдүүлүк болот. Бул, балким, бүгүнкү күндөгү эң керектүү нерсе», – деди ал.