ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) бөлгөн 12 млн доллар өлчөмүндөгү каражат өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого багытталат. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Эскерте кетсек, Токиодогу Борбор Азия инвестициялык форумунун алкагында КР Финансы министрлиги менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда КРга өлкөнүн темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого 12 млн АКШ долларын берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Финансы министри билдиргендей, берилген 12 млн доллардын 8 млн доллары – узак мөөнөттүү насыя, калган 4 млн доллары – «Кыргыз темир жолу» МИге берилген грант болуп саналат.
«Бүгүнкү күндө «Кыргыз темир жолу» линиясында чоң долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул каражат вагондорду сатып алууга, ошондой эле темир жол тармагындагы иштерди бекемдөөгө жумшалат», – деди Бакетаев.