Япония Бишкек - Ош жолун кар көчкүдөн коргоого 7.7 млн доллар гранттык каражат берет - келишимге кол коюлду
Кечээ, 27-декабрда КРнын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Токио шаарында IWATA CHIZAKI INK эл аралык операциялар департаментинин вице-президенти Такеши Кавай менен “Бишкек – Ош авто жолун кар көчкүлөрүнөн коргоо” долбоору боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Долбоор Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан каржыланат.
“Кар күрткүсү Кыргызстандын жол тилкелерине, тактап айтканда, стратегиялык маанидеги Бишкек – Ош унаа жолуна мүнөздүү. Жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн Япония Өкмөтү Кыргызстанга 7.7 млн доллар өлчөмүндө акысыз (гранттык) жардам көрсөтөт”, – дейт министрлик.
Бишкек – Ош автожолун кардан коргоо долбоорунун максаты – кыш мезгилинде жол тилкесин кар күрткүсүнөн коргой турган эки объектти куруу аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ишенимдүү жана натыйжалуу ташууну камсыз кылуу, коопсуздукту сактоо болуп саналат.
Кардан коргоочу тосмолордун жалпы узундугу 4512 метрди түзөт, тактап айтканда, Төө-Ашууда 2008 метрди жана Ала-Бел ашуусунда 2504 метрди түзөт.
Тосмолордун бийиктиги 3-4 метрге чейин жетет. Жогорудагы долбоор боюнча курулуш иштерин баштоо 2023-жылга белгиленген. Бишкек – Ош жолун кардан коргоо долбоору 2027-жылдын 31-декабрына чейин аяктайт.