ЕРӨБ таштанды жайды курууга берген кредитти иштете албаганы үчүн Бишкек 252 миң евро комиссия төлөдү
Бишкек Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) таштанды төгүүчү жай үчүн берилген кредитти өздөштүрө албай койгону үчүн 252 миң евро комиссия төлөгөн. Бул тууралуу маалымат Эсеп палатасынын кеңешинин 13-январдагы жыйынында айтылды.
Эсептөө палатасынын жыйынында ЕРӨБ тарабынан каржыланган “Бишкек шаарында 2013-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилдеги катуу таштандыларды башкаруу системасын өркүндөтүү” долбоорунун кредиттик жана гранттык каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлгөн.
Эсептөө палатасынын маалымат кызматы билдиргендей, текшерүүдө ар кандай мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинде борбордун мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан келишимдин шарттарын натыйжасыз аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында аткарбоо, ошондой эле жер участокторуна (жаңы полигон, рекультивация аймагы) документтер талаптагыдай эмес даярдалган.
Бул мыйзам бузуулардын бардыгы 1 млн 534 миң евро суммасындагы долбоордун каражаттарынын натыйжасыз пайдаланылышына алып келген.
Кредиттик каражаттарды өздөштүрбөгөндүгү үчүн комиссияларды төлөөдөн улам муниципалдык ишканалардын кирешелериндеги жоготуулар 252 миң еврону түзгөн.
Валюта эсебин муктаждыксыз ачып, валютаны конвертациялоодон улам 296 миң сом курстук айырмага байланыштуу кошумча чыгашалар келип чыккан.
Эсеп палатасынын отурумунун жыйынтыгында, токтомдор кабыл алынып, бөлүмдүн көрсөтмөлөрү жана сунуштары аудит объектке жөнөтүлөт. Ошондой эле аудиттин материалдары тиешелүү мамлекеттик органдарга берилет.
Таштанды полигонун рекультивациялоого 10.5 млн евро сарпталган, бирок эч бир иш жасалбаган – мэрия