ЕРӨБдүн Араван - Ак-Буура каналын реконструкциялоого бере турган 17.8 млн евролук долбоору комитетте кайра каралат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн 870 миң евро бөлүнөт. Бирок аталган долбоор бүгүн, 16-январдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каралып, комитеттин кийинки отурумуна калтырылды.

“2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган КР менен ЕРӨБ ортосундагы “КРда климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана ал долбоор боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов белгилегендей, аталган долбоордун максаты – Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван – Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштерин аткаруу болуп саналат.

Эгер долбоорго кол коюлса, ЕРӨБ 17 млн 870 миң евро акча каражатын бөлүп берет, анын ичинде – 14 млн 130 миң евросу кредит, 3 млн 740 миң евросу – грант түрүндө келет.

Баяндамачы, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилерин кошумчалады.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында, 21 миң гектарга жакын аянттын суу менен камсыздалышы жакшырмакчы.

Талкуудан кийин депутаттар мыйзам долбоорун кароону демилгечилер жетишпей калган материалдарды толуктоосу үчүн комитеттин кийинки отурумуна жылдырышты.


ЕРӨБ берген 17.8 млн евро Араван — Ак-Буура каналын реконструкциялоого жумшалат

ЕРӨБ Ош облусунда ирригацияны жакшыртууга 17.8 млн евро берет

ЕРӨБ Араван, Кара-Суу райондорун таза суу менен камсыз кылууга дээрлик 20 млн евро берет