ЕРӨБ Лебединовская ГЭСин реконструкциялоого 13.8 млн евро бөлөт - 8.8 млн евросу кредит
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) чакан Лебединовская ГЭСин реконструкциялоого каражат берүүнү пландаштырып жатат. Бул тууралуу 16-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Ибраевдин айтымында, ЕРӨБ Кыргызстанга 13.8 млн евро бөлүүдө, анын 5 млн евросу гранттык негизде, 8.8 млн евросу үч жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 15 жылдык кредиттик негизде, жылдык 1% менен берилмекчи.
«Лебединовская ГЭСинин максималдуу кубаттуулугу 7.6 МВт. Бул өлкөдөгү эң эффективдүү чакан ГЭСтердин бири, бирок эски жабдуулардын айынан азыр болгону 5.8 МВт электр энергиясын иштеп чыгат. Реконструкциялангандан кийин ГЭС 9.2 МВт иштеп чыгып, Новопокровка айылындагы, Лебединовкадагы Бишкектин бир бөлүгүндөгү 21.5 миң абонентти ГЭС-5ке чейин электр энергиясы менен камсыздайт», – деди министр.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул келишимге кол коюуну жактырышты.