Япония Кыргызстанга медициналык жабдыктарды алууга 7.6 млн доллар берет

Япония өкмөтү Кыргызстанга медициналык жабдууларды алууга 999 млн япон йен (7.6 млн доллар) грант берип жатат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Япониянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хидеки Года жана Эл аралык кызматташтык агенттигинин КРдагы Туруктуу өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда «Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана Гранттык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

“Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 999 млн япон йен (7.6 млн доллар) акысыз жардам берип жатат. Долбоордун максаты – саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу”, – дейт министрлик.


КР менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. КРда иш-чаралар башталгандан бери JICA жана КРнын Япония элчилиги тарабынан 30 келишимге кол коюлган, анын ичинен учурда 4 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда жана техникалык жардамдын алкагында 2 долбоор ишке ашырылууда.


БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди

Япония Кыргызстанга дээрлик 500 миң долларга медициналык жабдууларды алып берет

Япония Бишкек — Ош жолун кар көчкүдөн коргоого 7.7 млн доллар гранттык каражат берет — келишимге кол коюлду