USAID Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 4 млн доллар бөлүүнү пландоодо

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын чыңдоого 4 млн доллар бөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлик билдиргендей, Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова USAIDдин администраторунун орун басары Изобель Коулман менен жолугушкан.

Жолугушууда Коулман USAID жаңы коркунучтардын жана жугуштуу оорулардын чыгышынын тобокелдиктерин азайтуу жана алардын кесепеттери менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн каражаттан тышкары КРга 4 млн доллар кошумча каржылоону пландаштырып жатканын билдирген.

“Бул каржылоо КРнын саламаттык сактоо тутумун чыңдоого жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын жогорулатууга жумшалат”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.