ЭӨА Кыргызстандын энергетика секторуна 50 млн доллар бериши күтүлүүдө
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА, Дүйнөлүк банктын тобунда) Кыргызстанга энергетика секторун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бериши күтүлүүдө.
Кечээ, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен ЭӨАнын ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
“Электр энергииялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталган.
Ал эми аталган долбоорду каржылоого Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 50 млн доллар бөлөт.
Жыйынтыгында, мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.
ЭӨА Кыргызстандагы жумушсуздук менен күрөшүүгө 30 млн доллар бөлөт
Жогорку Кеңеш ЭӨА менен 30 млн доллардык долбоорду макулдашууну жактырды