Ислам өнүктүрүү банкы Суусамыр - Талас - Тараз жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт
Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоого 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, оңдоо иштери Талас шаарынын батыш чек арасынан Казакстан менен чектеш Кичи-Капка постуна чейин жүрмөкчү. Реконструкциялоочу участоктун узундугу 93 километрди түзөт. Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоонун бул (төртүнчү) фазасынын жалпы баасы 105.2 млн долларды түзөт.
ИӨБ 32 млн 392 миң ислам динары өлчөмүндө насыя берет, бул болжол менен 50 млн долларды түзөт. Кредитти төлөө мөөнөтү – 25 жыл.
Транспорт министрлиги долбоор болжол менен 2025-2027-жылдарга чейин ишке ашаарын, ошондой эле кемчиликтер үчүн жоопкерчиликтин кепилдик мөөнөтү үч жылды түзөрүн кошумчалады.