ОКӨФ эки долбоорго - Куланак ГЭСин жана Чүйдө цемент заводун курууга 89 млн доллар бөлөт

КР Финансы министри Алмаз Бакетаев, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондундунун төрагасы Артем Новиков, ошондой эле Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев Москвада өткөн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин жыйынына катышышканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда 2023-жылга карата долбоорлорду каржылоо маселеси каралган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын стратегиялык маанилүү эки долбоорду жалпысынан 89 млн АКШ долларына каржылоо жактырылды. Насыя берүү жеңилдетилген негизде жүргүзүлөт.

Биринчи долбоор Нарын облусунда 100 мегаватт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСин курууну камтыйт. Аны ишке ашырууга ОКӨФ 44 млн доллар бөлүп берет. Бул долбоор КРнын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана өлкөдөгү энергетикалык тартыштыкты 18%га кыскартууга жардам берет.
Кошумчалай кетсек, курулуш мезгилинде 770, объект пайдаланууга берилгенден кийин 97 жумушчу орун түзүлөт. Экинчи долбоордун алкагында Фонд Чүй облусунда жаңы заманбап цемент заводун курууга 45 млн АКШ долларын бөлөт. Анын кубаттуулугу жылына 1.5 млн тонна цементти түзөт. Буга байланыштуу КР импорттон көз карандысыз болот.

Долбоордун алкагында 450 жумушчу орун түзүү каралган. Жалпысынан ОКӨФ 250 млн долларлык долбоорлорду кажылайт.

ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт

Кыргызстанда сегиз ГЭС курулуп жана оңдолуп жатат

Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди