Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фонду менен $130 млн түзгөн эки кредиттик макулдашууга кол койду
Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фонду менен $130 млн түзгөн эки кредиттик макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.
«Турак жайды каржылоо» жана «Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорлору боюнча жалпы суммасы 130 млн АКШ долларын түзгөн эки кредиттик макулдашууга кол коюлду.
Долбоорлор муктаж болгон жарандарды арзан турак жай менен камсыздоого, ошондой эле Талас районундагы жолдун 92.9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого багытталган.