АӨБ Чолпон-Атанын саркынды сууну тазалоочу борборун жаңылоосуна $62 млн берет

Чолпон-Атанын саркынды сууну тазалоочу борборун Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен оңдоо жана түтүктөрүн жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы эскертти.

Такталгандай, $62 млн барабар долбоорду ишке ашырууга багытталган макулдашууну ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилери күтүлүүдө.

Эгер долбоор толугу менен аягына чыкса борбордун кубаттуулугу дагы жогорулап, суткасына 10 миң куб саркынды сууну тазалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Муну менен катар борборго Чолпон-Ата шаарынан тышкары, Бостери жана Кара-Ой айылдары да кошулат.