ИӨБ Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолун оңдоо иштерине $50.2 млн берет

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолун реконструкциялоо долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу минкаб билдирди.

маалыматка ылайык, бул долбоорго ИӨБ тарабынан бөлүнгөн каражаттын көлөмү $50.2 млн түзөт.

Келишимге министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Королдугуна (КСА) болгон жумушчу сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман Аль-Жасер менен жолугушуусунда кол кюлду.