Бүткүл дүйнөлүк банк Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн $6 млн бөлүп берет

Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча учурда жалпысынан беш долбоор каралган. Аларды ишке ашыруу үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк $6 млн бөлүп берген Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Такталгандай, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча учурда жалпысынан беш долбоор каралган:

• Ак-Буура дарыясынын эки жээгин бекемдөө (2-этап);

• С. Ибраимов атындагы Улуттук Драма театрынын айланасын оңдоп-түзөө;

• А. Навои эс алуу жайынын бир бөлүгүнө атайын эс алуу аймагын куруу;

• Т. Сатылганов атындагы эс алуу багындагы жайкы театрды оңдоп-түзөө;

• Борбордук аянттагы фонтан.

Аталган курулуштар АРИС аркылуу тендерге берилген. Каражат толугу менен гранттык түрдө бөлүнгөн.