Акылбек Жапаров АӨБ директорун кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын КРдагы өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арайаны кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен Кыргызстандын 2023-2027-жылдарга өнөктөштүк стратегиясынын долбоорун талкуулашты.
Тараптар ошондой эле социалдык чөйрөдөгү, анын ичинде билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлордун учурдагы абалын талкуулашты.
Белгилүү болгондой, билим берүү тармагындагы долбоорлор предметтик билим берүү стандарттарын жаңыртуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, 53 инновациялык мектепти оңдоо жана жабдуу аркылуу мектеп билиминин сапатын жогорулатууга багытталган.