> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АРИС Өзгөндөгү стадионду жана эс алуу паркын реконструкциялоосуна $2 млн берет
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/05/31/aris-ozghondun-stadionun-zhana-es-aluu-parkyn-riekonstruktsiialait-baasy-2-mln-tuzot/
- Published: 2023-05-31T11:30:53.000Z
- Updated: 2023-05-31T11:30:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**АРИС Өзгөндүн стадионунун жана эс алуу паркынын реконструкциялоосуна жардам берет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.**

Өзгөн шаары байыркы шаарлардын катарына киргендигин жана туристтердин көп келген шаар экендигин эс алуу менен аталган парк жана стадионго $2 млн долллар өлчөмүндө туризмди өнүктүрүү максатында АРИС тарабынан грант бөлүнгөн.

Бул реконструкциялоо Өзгөн шаары үчүн маанилүү долбоор болуп саналат, ошондуктан аткарылып жаткан иштердин ар бир этабында сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Борбордук стадионду жана Орто-Коргон маданият жана эс алуу паркын ийгиликтүү реконструкциялоо бардык колдонуучулар үчүн жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.