Кыргызстанда төрөт үйлөрүнүн курулушуна Германия 4.5 млн евро берет
Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы төрөт үйлөрүнүн курулушуна Германия 4.5 млн евро бөлүп берет. Келишимине 1-июнда КРнын министрлер кабинети менен Германия өкмөтү кол коюшту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, келишимдин суммасы 4.5 млн еврону түздү.Бул каражаттардын алкагында учурдагы жана пландаштырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда, Бишкек, Ош жана Бишкек шаарларында перинаталдык борборлорду куруу жана жабдууну аяктоо пландалууда. Талас, ошондой эле Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканалары жабдуулар менен камсызданылат.
Жолугушуунун жүрүшүндө Экономика министри Данияр Амангелдиев Германия 30 жылдык кызматташтыктын ичинде экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармактарында долбоорлорду ишке ашырган өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи.