> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Данияр Амангелдиев АӨБнын Кыргызстандагы директору менен жолукту
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/06/02/daniiar-amanghieldiiev-aobnyn-kyrghyzstandaghy-diriektoru-mienien-zholuktu/
- Published: 2023-06-02T05:35:59.000Z
- Updated: 2023-06-02T05:35:58.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика жана коммерция министрли Данияр Амангелдиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы директору Канокпан Лао-Арая айым менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.**

Такталгандай, жолугушуу миссиянын акыркы жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгаруу үчүн өттү. Амангелдиев белгилегендей, АӨБ менен эки жарым жылдык кызматташуунун алкагында бизнести колдоого багытталган долбоордук портфелди бекемдөөнүн эсебинен КРдагы долбоорлорго инвестициянын көлөмүн 361 млн долларына чейин көбөйтүүгө мүмкүн болгон.

Каражаттар мамлекеттик реформалар, кризиске каршы чаралар жана инфраструктурага, соодадагы, жеке сектордо долбоорлорду ишке ашыруу жана бюджеттик колдоого жумшалган.

Ошондой эле тараптар АӨБ менен КРнын ортосундагы 2023-2027-жылдарга карата стратегиясын талкуулашты.