> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сүт өндүрүүчүлөргө пайызсыз 9.6 млн доллар бөлүнөт
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/06/02/untitled-181/
- Published: 2023-06-02T10:25:34.000Z
- Updated: 2023-06-02T10:25:33.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрүнө ортоктош жоопкерчилик принциптеринин негизинде пайызсыз жана күрөөсүз каржылоого 9.6 млн долларын бөлүп берет. Бул тууралуу мекеме кабарлады.**

Маалыматка ылайык, каржылануучу фермерлер, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү.

Эске салсак, 2023-жылдын 26-майына жалпысынан 100.6 млн сом суммасында 774 займчы каржыланган, анын ичинде:

• Ысык-Көл облусу боюнча 274 займчы менен 35.6 млн сомго 40 келишим түзүлгөн;

• Нарын облусу боюнча 261 займчы менен 33.9 млн сомго 46 келишим түзүлгөн;

• Талас облусу боюнча 239 займчы менен 31 млн сомго 42 келишим түзүлгөн.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-2026-жылдар аралыгына белгиленип, ага ылайык 6 400 субъектти каржылоо пландаштырылууда.