Оштун ишкерлери пайызсыз кредиттерди берүүдө банктар тарабынан тоскоолдуктарга нааразы

Оштогу ишкерлер банктар тарабынан болуп жаткан тоскоолдуктар боюнча маселени көтөрүштү. Алар нааразычылыгын финансы министринин орун басары Руслан Татиков менен жолугууда айтышты.

Эске салсак, Татиков Ош шаарынын 100дөн ашуун ишкери менен жолукту. Иш чарада Дүйнөлүк банктын «Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо» долбооруна бөлүнгөн каражатты берүүнүн биринчи фазасынын жыйынтыгы боюнча Татиков айтып берди.

Жолугушууда Ош облусунун 100дөн ашуун ишкери, анын ичинде Соода-өнөр жай палатасынын, «ЖИА-Ош» ассоцициясынын өкүлдөрү, ошондой эле долбоорго өнөктөш 11 банктын жетекчиси катышты.

Ошол эле учурда банктын өкүлдөрү ар бир кайрылуу боюнча тийиштүү жоопторду беришти.