Түп - Кеген жана Каркыра - Турук - Сары-Жаз унаа жолдорунун курулушу 2025-жылы бүтөт

Түп - Кеген жана Каркыра - Турук - Сары-Жаз унаа жолдорунун курулушу 2025-жылы бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, иштер Дүйнөлүк банктын «Борбордук Азиядагы аймактык байланыштарды жакшыртуу боюнча программалардын үчүнчү фазасы» долбоорунун алкагында аткарылат.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында облустун бир катар объекттери менен таанышты.