Лебединовка ГЭСи реконструкциялоодон кийин чыгымдарын 7 жылдын аралыгында актайт

Лебединов ГЭСин оңдоп түзөө жумуштары 3 жылда бүткөрүлүп, ГЭС 7 жылдын ичинде кеткен чыгымдарын актайт. Бул тууралуу ЖК жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымдады.

Эске салсак, бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо» долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен кол коюлган гранттык макулдашуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов белгилегендей, долбоордун жалпы наркы 13.8 млн евро, анын ичинен 8.8 млн евро кредит түрүндө, 5 млн евро инвестициялык грант түрүндө алынат.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.