KOICA Ысык-Көлдө дары чөптөрдү кургатуучу цехтин куруусуна жардам берет

Ак-Суу районунун Маман айылында KOICA долбоору менен «Маман Органик» айыл чарба кооперативи дары чөптөрдү кургатуучу цехтин курулушун баштады. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Цехти куруу үчүн КOICA тарабынан тендер өткөрүлүп «Прогресс Строй» куруу компаниясы утуп, куруу иштерин баштоодо.

Жогорудагы цехти куруп бүтүү иштери 2023-жылдын октябрь айларында аяктоосу күтүлүүдө. Ошону менен биргеликте кургатуучу цехге тиешелүү кылып долбоордо кошо көрсөтүлгөн жерди бургуйлап суу чыгарып берүү (бурение скважина) жагы жана өзүнчө трансформатор да каралган.