> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» добоору аягына чыкты
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/06/14/usaiddin-konkurienttuu-ishkana-aiaghyna-chykty/
- Published: 2023-06-14T09:55:32.000Z
- Updated: 2023-06-14T09:56:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**15-июнда Бишкекте USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун аякташына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу уюм билдирди.**

Иш-чарада атайын ЭКСПО көргөзмөсү өтөт. Долбоордун 40тан ашык өнөктөштөрү ар түрдүү секторлордон – айыл чарбадан тамак-аш кайра иштетүүгө, билим берүү жана кийим өндүрүүгө чейин ишканалар продукциясы менен тааныштырышат.

Бул компаниялар жүздөгөн жумуш орундары түзүп, өз тармактарынын чыныгы флагмандары болуп саналат.

Көргөзмөдө кыргызстандык өндүрүштүн товарларын сатып алса болот:

⁃Баткендин органикалыккургатылган жемиштери;

⁃сүт азыктары;

⁃Lucky Socks чыгармачылыкбайпактары;

⁃мөмө-жемиштен жазалганжана протеинбар батондор;

⁃чөп чайлар;

⁃картошкадан жазалган чипстер;

⁃табигый тообалы;

⁃экологиялык жактантаза балыказыктары жана жарым фабрикаттар;

⁃колго жасалганбуюмдар;

⁃тиричилик химиясы.

Долбоордун колдоосу менен өз өндүрүшүн ишке киргизген тогуз кризистик борбор да өз продукциясын тартуулашат.

Өткөрүү убактысы: 15-июнь саат 14:30.

Жайгашкан жери: Hyatt Regency Bishkekтин негизги кире беришиндеги террасасы (Абрахманов көч. 191).