АӨБ Нарын облустук ооруканасына көп функционалдуу рентген аппаратын алып берди – базар баасы 2.5 млн сомдон башталат

Нарын облустук бириккен ооруканасына көп функционалдуу рентген аппаратын алынды. Бул тууралуу мекеме соцтармактарда билдирди.

Маалыматка ылайык, италиялык Primax International өндүрүүчүсүнүн Levia Triple стационардык рентген аппараты бешиктин ичинде жалпак панелдүү детектору бар толук санариптик система болуп саналат. Ал бардык флюороскопиялык жана радиографиялык процедураларды, ошондой эле түз нурланууну талап кылган бардык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Детекторго орнотулган Wi-Fi системасы. Көп функционалдуу рентген аппараты Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында алынып келинди. Заманбап аппарат рентгендик изилдөөлөрдүн бардык түрлөрүн, анын ичинде линиялык томографияны жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», - деп билдирүүдө белгиленет.

Ошондой эле, аталган рентген аппарат жайгашуучу рентген кабинети эски болуп рентген зыяндуу нурларынан коргоочу системаларынын начарлыгынан улам ал жерде толук капиталдык ремонттон өттү, ремонтту оорукананын бюджетинен үнөмдөлгөн каражатынан сарпталды.