Баткендин үч районунда суу көйгөйүн чечүү боюнча 50 млн долларлык долбоор каралууда

Баткенде климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, аткаминерлер KOICA жана ПРООНдун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда «Жашыл Климат» фондунун алкагында ишке ашуучу долбоор тууралуу сөз болду. Уюмдардын биргелешкен аракети менен Баткен облусунун аймагында климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу ири долбоорду ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө. Аталган долбоордун алкагында аймакка 50 млн долларга чейин каражат каралаары күтүлөт.  

Бул долбоорго Баткен,Кадамжай жана Лейлек районунун  бир катар айыл өкмөттөрү пилоттук негизде тандалууда. Долбоордун алкагында аталган аймактарда суу таңкыстык көйгөйүн жеңилдетүү маселелерине көңүл бурулат.

Сууну үнөмдүү пайдалануу, тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу, суу жетпеген дың жерлерди  өздөштүрүү каралууда. Адистердин айтымында климаттын өзгөрүүсү менен жыл сайын аймакта сугат суунун азайуусу байкалууда.