Жогорку Кеңеш Сауд өнүктүрүү фонду менен 100 млн долларлык насыя келишимин колдоду
Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы 2023-жылдын 24-апрелинде кол коюлган «КРда турак жай курулушун каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, СӨФ турак-жай куруу долбоорлорун каржылоо максатында Мамлекеттик ипотекалык компанияга 100 млн доллар өлчөмүндө насыя берет.
МИК жалпысынан долбоордун алкагында 174,. миң чарчы метр арзан турак жайдын курулушу каржыланат. Божомолдорго ылайык, 3 миңден ашык чакан жана орточо кирешелүү үй-бүлө турак-жай менен камсыз болот.