РКӨФ менен «Чакан ГЭС» каржылоо тууралуу келишимге кол коюшту

«Чакан ГЭС» ААКга караштуу Бала-Саруу гидроэлектростанциясынын аймагында аталган ААК менен Россия-кыргыз өнүгүү фонду ортосунда ГЭСтин курулуш иштерин соңуна чыгаруу үчүн каржылоо бөлүү боюнча кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу «Чакан ГЭС» кабарлады.

Эскерте кетсек, Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоору 25 МВт кубаттуулуктагы үч гидроагрегаттуу, жылына орточо эсеп менен 92 млн. кВт саат электр энергиясын чыгарган станцияны курууну камтыйт.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында жогорку чыңалуудагы «Покровка», «Кара-Арча» 110 кВ аба электр чубалгылары курулуп, 31 анкер, темирбетон тирөөчтөрү орнотулуп, жогорку чыңалуудагы эки көмөкчордон курулууда.

ГЭСтин аягына чыгаруу максатында «Чакан ГЭС» ААК Россия-кыргыз өнүгүү фондуна 10 млн доллар бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.