Япониянын кайрымдуулук фонду Ысык-Көлдүн билим берүү тармагына жардам берүүгө даяр

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов Япониянын кайрымдуулук фондунун башкы директору Юма Мурануши жана «Юмехаши» жоопкерчили чектелген коомдун башкы директору Масахиро Курихараны кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Япониянын кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү Ысык-Көл облусуна болгон сапарынын алкагында Жети- Өгүз районунда болушуп, мектепке чейинки, мектеп, саламаттыкты сактоо тармактарындагы көйгөйлөрдү жеринде таанышып, аларды чечүүдө биргеликте көмөктөшүп иш алып баруу боюнча район акими Эрмек Бахавидинов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Алардын катарында Барскоон, Кызыл-Суу, Жети-Өгүз айыл өкмөттөрүндөгү бала бакчалар, Жеңиш айылындагы орто мектеп жана Кызыл-Суу айылындагы оорукананын балдар бөлүмүнүн, ашканасынын абалы менен таанышып кетишти.

Жапон кайрымдуулук фондунун башкы директору Юма Мурануши сан жакындан жардам берүү боюнча тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрүн белгилеп өттү.