АӨБ Кыргызстан менен өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын бекитти

АӨБ Кыргызстан менен өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын бекитти. Бул тууралуу маалымат экономика министри Данияр Амангелдиев АӨБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Канокпан Лао-Арая айым менен жолугушууда берилди.

АӨБ өкүлдөрү ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, чакан жана орто бизнести колдоо, аймактарды өнүктүрүү, жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган АӨБнын КР менен өнөктөштүктүн жаңы стратегиясын бекитүү тууралуу маалымат беришти.

Бул багыттар Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан тикелей көзөмөлдөнгөндүктөн, Борбор Азия чөлкөмүндөгү инфраструктура жана транспорттук долбоорлор чөйрөсүндө чоң тажрыйбасы бар өзүнүн мураскери Чжэн Ву мырза белгилегендей, ЭКМ АӨБнын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен максаттарга жетүү жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.