Түркиялык ANADOLU ISUZU Бишкекке 16 чоң орундуу автобустарды сатууга даяр

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров автобустарды сатып алуу боюнча түркиялык ANADOLU ISUZU компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кысылган жаратылыш газы менен жүргөн 12 метрлик 16 чоң орундуу автобустарды алуу механизмдерин талкуулашты. Автобустар абанын булганышы менен күрөшүү боюнча техникалык жардамдын алкагында Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) эсебинен 5.4 млн еврого сатылып алынат.

Белгилей кетсек, коомдук транспорт заманбап талаптарга жооп берет, кондиционер жана пандустар менен жабдылган. Жалпы сыйымдуулугу 85 киши, орундуктар – 21, ошондой эле майыптар арабасы үчүн орун бар. Тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү 2 жыл же 150 миң километрди түзөт. Транспортту жеткирүүнүн мөөнөтү келишимге кол коюлган күндөн тартып 2024-жылдын марты болуп саналат.

Маалымдама: «Анадолу Исузу» орто сыйымдуулуктагы автобустарды жана шаарлар аралык автобустарды чыгаруу боюнча Европадагы алдыңкы компаниялардын бири болуп саналат жана анын  негизги акционерлери – Түркиядан Anadolu Group жана Isuzu Motors Limited жана Япониядан Itochu Corporation.