> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АӨБ «Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу» долбоору боюнча 199.5 миң долларды которду
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/07/19/aob-tunduk-tushtuk-altiernativdik-unaa-zholu-dolbooru-boiuncha-199-5-min-dollardy-kotordu/
- Published: 2023-07-19T08:05:34.000Z
- Updated: 2023-07-19T08:05:33.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 14-июль күнү «Муганбанк» ААКсы Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин-Башкууганды участогун реконструкциялоо» долбоору боюнча Финансы министрлигинин казыналык эсебине 199.5 миң долларын которгон. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.**

Эске салсак, «Муганбанк» ААКсы 2023-жылдын 26-январында 395.5 миң доллары өлчөмүндө алгачкы төлөмдү жүргүзгөн. Ошентип, КРдин Финансы министрлигинин казыналык эсебине которулган каражаттардын жалпы суммасы 595 миң АКШ долларын түздү. 

2023-жылдын аягына чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги банк кепилдигинин 3.4 млн доллар өлчөмүндөгү калган суммасын жабуу боюнча бардык зарыл иштерди улантат.