АӨБ «Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу» долбоору боюнча 199.5 миң долларды которду

2023-жылдын 14-июль күнү «Муганбанк» ААКсы Азия өнүктүрүү банкы каржылаган «Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Эпкин-Башкууганды участогун реконструкциялоо» долбоору боюнча Финансы министрлигинин казыналык эсебине 199.5 миң долларын которгон. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Эске салсак, «Муганбанк» ААКсы 2023-жылдын 26-январында 395.5 миң доллары өлчөмүндө алгачкы төлөмдү жүргүзгөн. Ошентип, КРдин Финансы министрлигинин казыналык эсебине которулган каражаттардын жалпы суммасы 595 миң АКШ долларын түздү.

2023-жылдын аягына чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги банк кепилдигинин 3.4 млн доллар өлчөмүндөгү калган суммасын жабуу боюнча бардык зарыл иштерди улантат.