ЕРӨБ бөлгөн 8 млн еврого баш калаада канализациялык коллектор курулат

Бишкектин Чүй проспектиси менен Ю.Фучик көчөсүнүн кесилишинде канализациялык коллектор курулат. Долбоорго Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) жана Швейцария өкмөтү 8 млн евро бөлгөн. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, каражаттын 3.5 млн евросу насыя, 4.5 млн евросу грант. Ошондой эле канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу аталган кесилиште кыймыл  убактылуу чектелет.

Курулуп жаткан канализация коллекторунун жалпы узундугу 11 км. Анын саркынды сууларды өткөрүү кубаттуулугу суткасына 100 миң куб метрди түзөт. Аны төшөөдө диаметри 0.6 метрден 2 метрге чейинки темир-бетон түтүктөр колдонулат. Коллектордун иштөө мөөнөтү 70 жылдан ашык.