ИӨБ Кыргызстан менен кызматташтык стратегиялык планын иштеп чыгат

2023-жылдын 24-июлунда экономика министри Данияр Амангелдиев менен Ислам өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Ибрагим Али Шукри башында турган миссиясы менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин маалымат борбору кабарлады.

Ислам өнүктүрүү банкынын эксперттик миссиясы 2023-жылдын 24-июлунан 28-июлуна чейин болорун жана Ислам өнүктүрүү банкынын КР менен кызматташтык стратегиясынын долбоорун иштеп чыгат.

Тараптар Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуунун жана өлкөнүн өнөктөштүк стратегиясын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Министр Д.Амангелдиев белгилегендей, пландаштырылган стратегиялык документтер Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан белгиленген өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу экономикалык реформалардын алкагында актуалдуу болууга тийиш, ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын программалары жана долбоорлору Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин кабыл алынган Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында бекитилген өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына шайкеш келиши керек.

Мындан тышкары, министр 2040-жылга чейинки Улуттук программанын негизги артыкчылыктуу багыттары энергетика, турак-жай куруу, айыл чарба, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактар экенин баса белгиледи.