Кыргызстанда жети ишкер айым 10 миң долларга чейин инвестиция алат
Accelerate Prosperity фонду инвестициялоо үчүн 7 ишкананы тандады. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы кабарлады.
Такталгандай, 10 миң долларлык инвестициялар төмөнкү компанияларга бөлүнөт: «Алча» жарым фабрикаттары (Ош шаары), «Смарт мектеп» (Карасуй району), «Роза» конок үйү (Казарман), «Бонсай суши жана пицца» (Ош шаары), «Арт» мейманканасы (Ош ш.), «Адинова» нан кондитердик студиясы (Ош шаары), «Wool carpets» (Нарын).
Ошондой эле дагы 5 компанияга техникалык колдоо көрсөтүлөт: Айкөл жарым фабрикаттары (Кара-Кулжа району), Урматай билим берүү борбору (Чоң-Алай району), Нарын Даамы жарым фабрикаттары, Bem Create handmade сумкалары (Ош шаары), IT Code программалоо курстары (Жалал-Абад шаары).