Кытайлык компаниялар менен Казарман ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык келишим түзүлдү

Кыргыз өкмөтү «Ысык-Көл-2023» VI Эл аралык экономикалык форумунун алкагында Казарман ГЭС каскадын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол койду. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Маалыматка ылайык, долбоордун аткаруучу инвесторлору PowerChina Northwest Engineering Corporation Ltd, Green Gold Energy (GGE) жана China Railway 20th Bureau Group Co Ltd болду.

Нарын дарыясында 2030-жылга чейин жалпы кубаттуулугу 1160 МВт болгон Казарман ГЭСтер каскады курулуп, ишке киргизилет. Каскад төрт гана ГЭСти камтыйт: Ала-Буга ГЭСи 600 МВт, Кара-Булуң-1 ГЭСи 149 МВт, Кара-Булуң-2 ГЭСи 163 МВт, Тогуз-Торо ГЭСи 248 МВт. Инвестициялардын жалпы баасы болжолдуу түрдө 2.4 – 3 млрд долларына бааланган.