АРИС Ошто алты долбоорду ишке ашырууда

Ош шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган, КРнын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен Ош шаарынын мэриясынын шаардын инфраструктурасын, туризм тармагын өркүндөтүү боюнча «Аймактарды экономикалык өнүктүрүү» биргелешкен алты долбоордун алкагында жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Анын негизинде, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, жана коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу жетекчиси Марс Наспеков С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасын капиталдык оңдоо, Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштердин жүрүшү менен жеринде таанышты.  

Ошону менен бирге, жасалып жаткан курулуштар сапатуу, мөөнөтүндө, бекитилген долбоорго ылайык бүткөрүлүшү керектиги белгиленди.