Бишкектин жана Чүйдүн 10 бейтапканасына Япониядан заманбап медициналык жабдуулар келет

Бишкектин жана Чүйдүн 10 бейтапканасына Япониядан заманбап медициналык жабдуулар келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, депутат Талайбек Масабиров аталган мекемеде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана Япониядан келген медициналык консультанттар менен жолугушуу өткөрдү. Анда буга чейин кол коюлган меморандумдун алкагында 7.5 млн долларга саламаттык сактоо тармагына заманбап диагностикалык жабдууларды гранттык негизде берүү тууралуу сөз болду.

Маалым болгондой, Япониядан келген адистер Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапкананы кыдырып, зарыл болгон медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп чыгышкан. Заманбап жабдуулар толугу менен 2024-жылдын аягы, 2025-жылдын башында келиши күтүлүүдө.

Жолугушуунун соңунда депутат Япониялык коноктор менен биргеликте Чүй облустук оорукананын аты ыйгарылган профессор Эрнст Акрамов менен баарлашты.