Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери башталды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭжБКУБ) жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы медициналык жабдуу алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык текшерүүгө мүмкүндүк берет. Учурда медициналык жабдууну орнотуу иштери жүрүп жатат, андан соң тууралоо иштери жүргүзүлөт. Аппаратты ишке киргизүү августтун аягына пландалууда.

Бул аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоору аркылуу сатылып алынган.

Ошондой эле, быйылкы жылы КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга дагы бир МРТ аппаратынын келиши жана орнотулушу күтүлүүдө.