> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Япония 2.2 млн долларлык грант берет
- URL: https://im.kg/granttar-kreditter/2023/08/03/iaponiia-2-2-mln-dollarlyk-ghrant-bieriet/
- Published: 2023-08-03T07:50:46.000Z
- Updated: 2023-08-03T07:50:47.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Гранттар жана кредиттер, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети Япониянын өкмөтү менен «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа» долбоору боюнча эл аралык кызматташтык ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.**

Үстүбүздөгү жылы Япония өкмөтү «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа»долбоорунун алкагында Кыргызстанга кайтарымсыз 2 миллион 260 миң доллар каражат бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул каражат кадрларды даярдоого жана мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жумшалат.

Аталган долбоор 2007-жылдан бери эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртуу багытында мыкты кадрларды даярдап, алардын билим алуусуна шарт түзүү максатында иштеп келет. JDS долбоору ишке киргенден тартып Кыргызстандык 268 стипендиат Япониянын алдыңкы окуу жайларында билим алууга мүмкүнчүлүк алган.